КОЙЧУМАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙЧУМАНОВ Таалайбек (9. 1. 1956-жылы туулган – Жалал-Абад) – экономист, экономика илимдеринин доктору (2000), профессор (2000). Рынок экономи-

касы, экономикалык пландоо ж-а мамлекеттик жөнгө салуу боюнча адис. КМУну (1978), ошол эле жерден аспирантураны (1982) бүткөн. КМУда оку­туучу (1978–82), Кыргыз ССР ИАда илимий кызматкер (1982–91), КР Президенти­нин Аппаратында референт, бөлүм башчы, башкарма­лыктын начальниги (1991– 94)– КР экономика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (1994–95), КР экономика министри (1995–96), КР финансы министри (1996–98), региондук изилдөө институтунун илимий кызматкери (1999–2000), БУУнун өнүктүрүү программасынын улуттук кеңешчиси (2000–05), КР Президентине караштуу инвести­циялык кеңештин секретариатынын жетекчи­си (2007-жылдан). 50дөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 10 монографиясы жарык көргөн. «Даңк» меда­лы м-н сыйланган (1998).

Эмг.: Первый этап экономических реформ. Б.– 1996; Проблемы экономической стабилизации в Кыргызской Республике. Б.– 2000. Мониторинг инвестиционной ситуации в Кыргызской Республике (авторлош). Б., 2001.