КОЙСАРЫ БИЙ
КОЙСАРЫ БИЙ (т. ж. б. – 1670-жылдан кийин өлгөн) – чоң багыш уруусунун бийи. Моголстан ханы Абдуллага (Абдаллах) (1638–69/70) байланыштуу эскерилет. Ал Ошту каратып келатып, Беш-Буйнак деген жерден Койсары бий, Кара-Кучук бий, Йол-Болду бий, Уч-Куртка бий, Афат, Шады ж. б. жетектеген кыргыздардан жеңилүүгө учураган. Кийин Абдулла хан кайрадан кыргыздарга каршы аттанып, Нарын дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздарды чаап кеткенде, Койсары бий, Йол-Болду бий ж. б. артынан барып, Ак-Сайда хандын колуна сокку берген. Койсары бий жөнүндө маалымат анын Кашкар шаарына аким болушу, бирок, хандыкка Исмаил келгенде аны түшүрүп, ордуна Койсары бийдин уулу Күчүктү дайындашы м-н аяктайт. Көп узабай Сузук, Касым ж. б. бектер козголоң уюштуруп, Койсары бийге кошуп 25 кишинин башы алынган.
Ад.: Тарих-и Кашгар. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002.
Т. Асанов.