КОЙНЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙНЕ́ (гр. koine, koinjs – жалпы) – жалпы грек тили. Б. з. ч. 4-кылымда Аттика диалектинин негизинде пайда болуп, ар кайсы грек айтым­дарынан түзүлгөн. Б. з. 1-кылымында Рим империя­сынын чыгышын мекендеген калктын жалпы элдик тили болгон, кийин андан орто ж-а жа­ңы грек тилдери чыккан. Тил илиминде койне 19- кылымдан тартып ушундай типте түзүлгөн ар кан­дай жалпы тилдерди атоо үчүн да колдонулат.