АБШЫР-САЙ ГИПС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:51, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБШЫР-САЙ ГИПС КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Жаңы-Арык кыштагынан 1,5 км түндүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1790–1970 м бийиктикте. 1954–1958-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Гипс бор мезгилинде пайда болгон чопо, акиташ, кум тектеринин арасында жатат. Гипс катмарынын калыңдыгы 50 мге жетет. Катмардагы гипс 98,81%, 1-сорттогу курулуш гипсин алууга жарактуу. Гипс кыртышты гипстентүүгө жана цемент даярдоого пайдаланылса болот. Гипстин запасы С1 категориясы боюнча 1320 миң т, С2 26400 миң т.