КОЙЛУ ГРАФИТ КЕНИ
КОЙЛУ ГРАФИ́Т КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ак- Суу районунда, Эңилчек кыштагынан 30 км аралыкта, Койлу өрөөнүнүн оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 3600–3700 м бийикте. Кен 1983–95-жылы изилденген. Байыркы метаморфизмделген калың катмардын ичинде, графиттешкен гранит-гнейс линзасы м-н кендүү катмар, калыңдыгы 30–100 м, узундугу 3 км болгон графиттүү горизонтту түзөт. Графит кабаты 10 мден 500 мге жетип, калыңдыгы 3–4 мден 20–75 мге чейин өзгөрөт. Кабаттагы графиттин өлчөмү 1%тен 27%ке чейин. Иргелген концентратта графит 89%ке жетет. Изилдөөнүн негизинде (Украина ИА) алмаз күкүмү ж-а кристаллдары алынган. Арпа-Такыр участкасында графит кенташынын С1+С2 категориясы боюнча запасы 7717 миң т, графит – 268 миң т.