КОЙ-ТАШ (Аксы районундагы кыштак)
КОЙ-ТАШ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна караштуу. Кой-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 885 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 50 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 1976 (2007); негизинен мал м-н алектенип, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.