АБШЫР-САЙ (суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБШЫР-САЙ иран тилдеринде: 1) об/аб – суу, шир – сүт, кыргызча – сай; ак көбүктөнгөн суу; 2) обшир – шаркыратма; шаркыратмалуу сай. Ош облусундагы суу. Кара-Дарыянын алабында. Узундугу 62 км, алабынын аянты 230 км2. Кичи Алай кырка тоосунан башталат. Жогорку бөлүгүндө кууш жана терең капчыгай аркылуу агып, Найман кыштагынан кийин Фергана өрөөнүнө чыгат. Төмөнкү агымы Жылгын-Сай аталат. Ортоңку агымында Абшыр-Сай шаркыратмасы, 89 чакан куймасы бар, ирилери: Маляран, Ширан жана башкалар. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык орточо чыгымы 1,68 м3/сек; эң көбү – 13,0 м3/сек, эң азы 0,51 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан, Кара-Дарыяга жетпейт. Боюнда Көтөрмө, Найман кыштактары жайгашкан.