КОЙ КЫРЫЛГАН КАЛАА
КОЙ КЫРЫЛГАН КАЛАА – Каракалпак Республикасынын (Өзбекстан) Төрт-Көл районундагы байыркы шаар калдыгы. Б. з. ч. 4 – б. з. 4-кылымынын башы-

на таандык археологиялык эстелик. Кызыл-Кум чөлүндө жайгашкан. 1950-,1952–57-жылдарда Кой кырылган калаада археологиялык казуу жүргүзүлүп, кангюй уруусунун маданиятына мүнөздүү табылгалар ж-а архитектуралык эстеликтер, чарба имараттарынын калдыктары табылган. Кой кырылган калаа калыңдыгы 7 м төрт чарчы дубал м-н курчалган. Дубалдын ортосуна жайгашкан бийиктиги 8,5 м, айланасы 44,5 м мунара түрүндө салынган эки кабат күмбөз-храмдын калдыгы айрыкча кызыгууну туудурат. Кой кырылган калаадан байыркы жазуулардын үлгүсү, карапа идиштер, сыйынуу статуэткалары ж. б. тиричилик буюмдарынын калдыктары да табылган. Кой кырылган калааны орус археологу, этнографы С. П. Толстов жетекчилик кылган Хорезм экспедициясы изилдеген.