АБХАЗ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБХАЗ ТИЛИ – абхаз элинин тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин абхаз-адыгей тобуна кирет. Эки диалектиге (абжуй, бзыбь) бөлүнөт. Адабий тили абжуй диалектисинин негизинде калыптанган. 1862-жылы П. К. Услар орус графикасынын негизинде туңгуч абхаз алфавитин иштеп чыккан жана Абхаз тилинин адабий формасы ошол мезгилден тартып калыптана баштаган. Латын графикасынын негизинде 1928-жылы жазмасы иштелип чыккан, 1938-жылы ал грузин графикасына, ал эми 1954-жылы орус графикасына которулган.