КОЗУЧАК 1
КОЗУЧАК – Талас районундагы кыштак. Беш-Таш айыл округуна караштуу. Беш-Таш капчыгайынын оозунда, Беш-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2000 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 8 км түштүк тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен (Казакстан) 195 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 1796 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. Соода түйүндөрү, ФАП иштейт.