КОЗУ-БАГЛАН
КОЗУ-БАГЛАН , К о ж о - Б а к ы р г а н - С а й – Баткен облусунун Лейлек району м-н Тажикстандын Хожент облусундагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 117 км, алабынын аянты 2150 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Баш жагы (Өрөмдүн чатына чейин) Лайли-Мазар, ортоңку агымында (көп бөлүгү) Козу-Багландын төмөн жагы Кожо-Бакырган- Сай деп аталат. Жогорку ж-а ортоңку агымында тоо аралап кууш өрөөндөр м-н агат. Аучи-Калача кыштагы ченде өрөөнгө чыгып, өзөнү кеңийт ж-а суунун көбү сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Өрөм, Жети-Көпүрө, Бөрк-Суу (оң), Кожо-Бакырган-Сай (сол). Негизинен кар, мөңгү ж-а жер астындагы суудан куралат. Апрелде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы Андаркан кыштагына жакын 11,0 м3/сек, эң көбү 100 м3/сек, азы 3,4 м3/секга жетет. Козу-Багландан Кулунду (Кыргызстан), Гулянандоз (Тажикстан) ж. б. каналдар чыгарылган. Боюнан Лейлек, Андаркан, Тагап, Кызыл-Чарба, Өзгөрүш, Аучи-Калачи ж. б. кыштактар орун алган. Кожо-Бакырган-Сайдын сол жээгинен байыркы таш доорундагы адамдардын журту табылган.