АБУЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБУЖА – Нигерия Республикасынын борбор шаары (1991-жылдан). Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Жос платосунда жайгашкан. Калкы 1693,4 миң (2022). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорт бар. Өлкөнүн мурдагы борбору Лагос шаарынан Абужага которуу 1976-жылы кабыл алынган. Борбордук банк, радио үйү, мечит, университет (1918), Нигерия жол-курулуш институту, тамак-аш өнөр жайлары бар. 1828-жылы курулган чептүү лагердин ордунда пайда болгон.