КОЖОМКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОМКУЛОВ Асан (23. 8. 1932, Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш кыштагы – 9. 10. 2001, Бишкек) – мамлекеттик ишмер. СССР ж-а Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты (экөө тең 1982), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ирригатору (1981). 1955-жылы Скрябин атындагы КАЧИнин бүткөн. 1955–63-жылдарда Тянь-Шань облустук, 1963–67-жылдарда Баткен облустук, 1967–72-жылдарда Ош облустук суу чарба ме­кемелеринин башчысы,

1972–79-жылдарда Кыргыз ССРи­нин суу чарба министри, 1979–90-жылдарда СССР суу чарба

министрлигине караштуу «Кыргыз суу чарба куру­луштун» башкы башкарма­сынын башчысы болуп иш­теген. Анын жетекчилиги м-н Киров, Төрт-Күл, Ала-Арча суу сактагычтары, Чоң Чүй, Чоң Талас, Сокулук, Панфилов, Кемин, Кочкор, Баткен, Токтогул каналдары, Он-Арча, Ак-Жар, Кула­нак, Ит-Агар, Жылтыр, Жерге-Тал насостук станциялары курулуп, ишке киргизилген. Кыр­гыз ССР Жогорку Советинин беш жолку депу­таты. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ор­дендери м-н сыйланган. Баткен облусундагы Төрт- Күл суу сактагычына, Бишкек шаарындагы ж-а Ке­мин шаарчасындагы бирден көчөгө ысмы ыйга­рылган.