АБОЛИЦИОНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:34, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБОЛИЦИОНИ́ЗМ (латынча abolitio - жоготуу, алып таштоо) – 1) кандайдыр бир мыйзамды жокко чыгаруу үчүн болгон коомдук кыймыл; 2) 18-кылымдын аягы – 19-кылымдагы АКШда негрлер кулчулугун жоюуга багытталган кыймыл. Кулчулуктан кутулуу үчүн АКШнын түштүгүндө негрлер кубаттуу көтөрүлүштөргө (1800, 1831) чыгышкан. Аболиционизм кыймылы америкалык кулчулукка каршы күрөшүү коому түзүлгөндөн (1833) тартып уюмдашкан түрдө жүрө баштаган. АКШдагы граждандык согуштун (1861–1865) натыйжасында Линкольндун өкмөтү козголоңго катышкан кул негрлерди жер ыйгарбай азат кылуу актысын кабыл алган; 3) 18–19-кылымдарда Улуу Британия, Франция жана башка бир катар Батыш өлкөлөрүндө колониялардагы кулчулукту жоюу үчүн кулач жайган күрөш.