КОВЕЛЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОВЕЛЛИ́Н (итал. химик И. Ковеллинин аты­нан) – сульфиддер классына кирүүчү минерал.

Хим. формуласы CuS. Курамында 66,48% же з, 33,52% күкүрт бар. Гексагон сис­темасында крис­таллданат. Өңү­түсү күңүрт көк, металлдай жал­тырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1,5–2. Салыштырма салмагы 4,6. Жез, полиметалл, сульфид, колчедан кендеринин кычкылдануу аймагында пайда болот. К. – жездин кени.