КОВАЛЁВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОВАЛЁВ Александр Александрович (1921- жылы туулган, Москва облусу, Люберцы) – геолог, геоло­гия-минералогия илимдеринин доктору (1970), СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты. Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1943). Кыргыз ССРинин геология башкармасынын геологиялык пар­тияларында ж-а экспедицияларында улук, баш­кы геолог болуп иштеген. Кийин МГУда эмгек­тенген. Кыргызстандагы уран кендеринин бирин ачуу­га ж-а чалгындоого активдүү катышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар м-н сыйланган.