КОБЫСТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОБЫСТА́Н – 1) Азербайжан Республикасындагы Жей­рен-Кечпес суусуна жакын жердеги тоо; 2) Кобыстан ас­каларына тартылган байыркы оймо-чиймелер. Мезолит доорунан орто кылымга чейинки мезгил­ге таандык 4 миңден ашык түрдүү сүрөттөн ту­рат. Алардын арасында эгин эгүү ж-а жыйноо, курмандык чалуу ж. б. диний ж-а чарбачылык


Кобыстан. Беюкдаш тоосунун жогорку террасасын­дагы петроглифтер.

мүнөздөгү сюжеттүү сүрөттөр көп. Кобыстан оймо-чий­мелерине жакын жерде таш дооруна таандык тургун жай үңкүрлөр бар. Ошондой эле б. з. ч. 3-миң жылдыктагы коло доорунда эл отурукташкан жайлар ж-а көрүстөндөр да белгилүү.