КОБЗАРЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:29, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОБЗА́РЬ Вера Нико­лаевна (1956-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык- Көл району, Ананьев айы­лы) – биология илимдеринин доктору (1997). КМУну бүтүргөн (1978). Кыргыз кардиология ИИИде (1978), КМУда улук лабо­рант (1979), Кыргыз акушерлик ж-а педиатрия ИИИде кенже илимий кызматкер (1980–88), Кыргызстан алдын алуу ж-а медициналык экология ИИИде улук, жетектөөчү, илимий кызматкер, лаборатория башчысы бо­луп иштеген (1988–99). 1999-жылдан КРСУда эм­гектенет. Аэробиология, аллергология, эколо­гия боюнча адис. 110дон ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы, 12 окуу куралы бар.

Эмг.: Аллергены пыльца и загрязнение атмосферы (в соавторстве). Б., 1994; Изменчивость оболочки аллергеновой пыльцы в условиях повышенной за­грязненности окружающей среды. Б., 2000; Измен­чивость пыльца как глобальная проблема. Б., 2005.