КОБЕ
КО́БЕ – Япониядагы шаар. Хиого префектурасынын административдик борбору. Хонсю аралынын түштүк-батышында, Осака кысыгынын жээгинде, бир топ бөлүгү калдыктардан пайда болгон Порт-Айленд (1966–81, аянты 826 га; шаар м-н «Минатодзима» суу астындагы тоннели ж-а эки ярустуу көпүрө аркылуу байланышат) ж-а Рокко (1992,

595 га) аралында жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008).
Өлкөнүн маанилүү жолдор тоому. Кобеде «Мейсин», «Хансин», «Санъё», «Тюгоку», Кобе – Авадзи – Наруто жогорку ылдамдык автострадалары өтөт. Акаси кысыгы аркылуу өткөн автомобиль асма көпүрөсү (1998; узундугу 3,9 км, таянычынын бийиктиги 298 м, дүйнөдөгү эң бийик ж-а узун) аркылуу Авадзи аралы м-н байланышат. Порт аркылуу жылына 95,5 млн т жүк ташылат (2006, өлкөнүн сырткы соодасынын 1/3 и). «Токайдо» темир жол магистралынын (Кобе – Токио) батыштагы акыркы пункту. Шаардагы темир жол тармактары толугу м-н автоматташтырылган (1981; дүйнөдө биринчи жолу). Кобенин жайгашкан жеринде эл байыртадан эле отурукташкан. 1889-жылдан шаар статусуна ээ. 1907-жылдан порт. Госикидзука кофун-коргону (4-кылымдын аягы – 5-кылымдын башы), храм комплекстери (анын ичинде Икута синтоист храмы, 3-кылымдын башы), Хакоги-Сенненя байыркы чарбагы ж. б. сакталган. Кобеде 100дөн ашык эл аралык корпорациялардын өкүлчүлүктөрү, Япониядагы ири ишканалар м-н компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Кеме куруу, металлургия, машина куруу, аскер, химия, нефть-химия, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Кондитер азыктар өндүрүшү (1931-жылы орус ишкери В. Ф. Морозов тарабынан негизделген) өнүккөн. Япониядагы илим, билимдин башкы борбору. Университеттер (анын ичинде мамлекеттик эместер да бар), ИИИлер, китепканалар, музейлер (анын ичинде сүрөт ж. б.) бар. Туризм өнүккөн. Кобе 1995- жылкы жер титирөөдө кыйрап, 2005-жылы толугу м-н кайрадан курулган.