КОБАЛЬТ КЕНТАШЫ
КО́БАЛЬТ КЕНТАШЫ – курамында кобальт ж-а анын бирикмелери кездешкен кендүү таш. Жаратылышта кобальттын 100дөн ашык бирикмеси бар, анын ичинде 30га жакыны – кобальттын өзүнүн минералы. Химиялык ж-а минералдык курамы боюнча мышьяктуу, күкүрттүү, оксиддүү түрлөрдөн турат. М ы ш ь я к т у у кенташта негизги минералдарга арсениддер, сульфоарсениддер кирет. Арсениддерге скуттерудит (курамында 16–20% кобальт бар), шмальтин хлоантит (1–20% кобальт), сульфоарсениддерге кобальтин-герсдорфит (20–30% кобальт), глуакодот-арсенопирит (15–16% кобальт) кирет. Кенташта булардан тышкары никель, жез, күмүш, уран, калай, алтын, висмут, сурьма минералдары жолугат. Мындай кенташтардын өнөр жайлык маанидеги кендеринде кобальттын орточо саны 1–2% болот. Ири кендери Тувадан (Хову-Ак-Суу), Мароккодон (Бу-Аззер) орун алган. К ү к ү р т т ү ү кенташта жез, темир, никелдин комплекстүү бирикмелери кездешет. Кенташтын курамында кобальт аз санда (0,001–0,1%) жолугат. Негизинен никелдүү пириттен (0,1–3% кобальт), линнеиттен (24–33% кобальт), каттиериттен (36–40% кобальт), пентландиттен (0,5–3% кобальт) турат. Ири кобальт кендери Красноярск крайында (Норильск), Кола жарым аралында, Канадада (сульфид-жез-никелдүү кендер) орун алган. О к с и д д ү ү к е н т а ш т а р курамында кобальт м-н никель кездешкен ультранегиздүү тектерде (0,1%ке чейин кобальт) же күкүрттүү кенташтардын физикалык-химиялык жол м-н кычкылданган зоналарында (1–4% кобальт) жолугат. Кобальт марганецтин гидрооксиддеринде топтолуп (асболан), сульфиддердин кычкылдануу аймагында кобальттын суулуу кычкылы м-н карбонаттары кошулат. Ультранегиздүү тектер м-н байланыштуу болгон силикат-никелдүү кендер Урал, Казакстан, Куба, Жаңы Каледония, күкүрт кенташтары Заирде (Катанга) кездешет. Кобальт кенташы негизинен гидротерм, скарн, магма ж-а талкалануу процесстеринен пайда болот.
Ад.: Боришанская С. С., Виноградова Р. А., Крутов Г. А. Минералы никеля и кобальта. М., 1981; Кобальтовые руды Мирового океана. М., 2000; Старостин В. И., Игнатов П. А. Геология полезных ископаемых. М., 2006.