КОАКСИАЛЬ КАБЕЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОАКСИА́ЛЬ КАБЕЛИ (лат. co – биргелеш ж-а axis – ок) – электр өткөргүч зымдары өзүнчө

Коаксиль кабелинин сырткы көрүнүшү: а – ички көп зымдуу ж-а пластмасса тышкы оромо зымдуу кабель; б – ички бир зымдуу ж-а тышкы өрмө зымдуу кабель.

изоляциялоочу материал м-н капталып, бири-бирине кийгизилген цилиндр түрүндөгү кабель. Анын ичиндеги өткөргүчү тышкы спираль ж-а шакекче түрүндөгү изоляциялоочу материалдар м-н ажыратылып, аба катмары м-н бөлүнүп ту­рат ж-а тышкы катмар ичкисин сырткы таасир­ден сактайт. Ал жогорку жыштыктагы бир нече ГГцке чейинки ж-а начар электр сигналдарын берүү үчүн колдонулат. Коаксиаль кабели кедергини көп болтурбайт ж-а сигналды анча басаңдатпайт. Көп каналдуу байланыш системасында 10 миңден ашык телефон каналдарын байланыштыра алат.