КНЯЗЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КНЯ́ЗЬ – 1) 9–16-кылымдарда сла­вян ж-а кээ бир башка элдердеги феодалдык­-монархиялык мамлекеттердин башчысы же ак сөөктөрдүн өкүлү. Князь адегенде аскердик демократиялык органдарды башкарып, кийин алгачкы феодал­дык мамлекеттин башчысына айланган. Алгач Княздык бийлик шайлоо аркылуу берилсе, кийин мураска (Байыркы орус мамлекетинде Рюриковичтер, Улуу Литвада Гедиминовичтер ж-а Ягел­лондор, Польшада Пясттар, Чехияда Пржемыс­ловичтер ж. б.) өткөн. Байыркы орус мамле­кетинде ж-а Литвада өлкө башчылары Улуу князь, калгандары уделдик княздар деп аталган; 2) мурас аркылуу бериле турган дворяндык титул. Алгачкы князь титулун Россияда 18-кылымда Д. И. Меньшиков алган. Княздык наам Россияда Октябрь революциясы жеңгенден кийин ББАКтын 1917-жылдын 10 (23)-ноябрындагы «Катмарлар­ды ж-а жарандык чиндерди жоюу жөнүндө» дек­ретинен кийин күчүн жоготкон.