КНАУФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КНА́УФ Владимир Иосифович (1918, Украина, Первомайск шаары – 1987, Бишкек) –

геолог, гео­логия-минералогия илимдеринин доктору (1975), Кыр­гыз ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1984). Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1941). Кыргыз ССР Геология башкармалыгында издөө ж-а геологиялык карта түзүү партиясынын начальниги, экспеди­циянын башкы геологу (1946–65), Кыргыз ССР ИАнын геология институтунда улук илимий кызматкер, лаборатория жетекчиси (1965–75), Кыргыз ССР ИАнын сейсмология институтунда лаборатория жетекчиси (1975–84), институттун директору (1984–86). Кыргызстандын геологиялык түзүлү­шүн, тектоникасын ж-а сейсм-тектоникасын изил­дөөгө салым кошкон. Кы­зыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган. Кыргыз ССРи­нин геология кызматына эмгек сиңирген кызматкери.