КМШ
КМШ , Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын ж-а келишимдеринин негизинде пайда болгон мамлекеттер аралык бирикмеси. КМШ 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын жердеги Беловежа токоюнда СССРдин курамындагы РСФСР, Беларуссия ж-а Украина республикаларынын өкүлдөрү кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-жылы 17-мартта СССР боюнча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 республиканы бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген. Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы шаарында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Беларуссия, Россия ж-а Украина биригип, КМШны түзүү келишимине кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, терең кризистин негизинде СССР өзүнүн жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М. С. Горбачёв 1991-ж. 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары ж-а принциптери төмөндөгүдөй аныкталат: КМШ өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес; анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер түзгөн келишимдерде макулдашылган тартипте артыкчылыктык принциби боюнча ишке ашырылат; эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык ж-а ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый м-н мамиле кылышат; КМШга башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алат. КМШнын негизги органдары – Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, Аткаруучу секретариаты, Мамлекет аралык экономикалык кеңеш, Парламент аралык ассамблея, Коргоо министрлер кеңеши, Тышкы иштер министрлер кеңеши, Космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, Коллективдүү коопсуздук келишими ж. б. КМШнын туруктуу иштеген органы – Координациялык-кеңеш берүүчү комитет (Минскиде жайгашкан). КМШнын Мамлекет башчылар кеңеши, Өкмөт башчылар кеңеши ж. б. органдарында жолугушуулар өткөрүлүп, маанилүү заманбап маселелер чечилип турат.