КЛЮЧЕВСКИЙ
КЛЮЧЕВСКИ́Й Василий Осипович [16 (28). 1. 1841, Пенза губерниясы, Воскресенский кыштагы – 12(25). 5. 1911, Москва] – орус тарыхчысы. Тарых илимдеринин доктору (1882), профессор (1882). Петербург ИАнын корреспондент мүчөсү (1889), академик (1900), ардактуу академик (1908). Москва университетин бүткөн (1865). Падышалык жеке бийликти, анын өкүлдөрүн сынга алганы м-н буржуазиялык-помещиктик түзүлүшкө каршы чыккан эмес. 19-кылымдын аягынан монархияны колдой баштаган. 1860-жылдардан орус элинин тарыхын, чарбасын, тиричилигин изилдеген. 1880-жылдары коомдун тарыхындагы социалдык ж-а экономикалык факторлорду талдап, орустун буржуазия тарыхнаамасына жаңылык киргизген. Социалдык-экономикалык формациялардын ырааттуулук м-н алмашуу мыйзамын танып, доорлорго бөлүүдө орустун Чыгыш Европа түздүгүн колониялоо этаптарын негизги өбөлгө катары туткан.
Эмг.: Сочинения: В 9 т. М., 1987–1990; Афоризмы и мысли об истории. М., 2007.
Ад.: В. О. Ключевский и проблемы российской провинциальной культуры и историографии: В 2 кн. М., 2005.