КЛЮЧЁВКА ЧОПО КЕНИ
КЛЮЧЁВКА ЧОПО КЕНИ Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Өзгөрүш кыштагынын жанында, Талас суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1088–1105 м бийикте. 1976-жылы чалгындалган. Кен аймагын антропоген мезгилиндеги аллювий, делювий чөгүндүсү түзөт. Аллювий чөгүндүсүнөн кумайлуу чопо катмары пайда болуп, Талас суусунун 4-тектирин түзүп жатат. Аянты 50 га, калыңдыгы 24–25 м. Кумайлуу чопонун өңү боз, саргыч.
Гранулометриялык курамы: 5 мм – 2,0%, 5–2 мм – 1,24%, 2–0,5 мм – 0,99%, 0,5–0,25 мм – 0,49%, 0,25–0,01 мм – 52,01%, 0,01–0,005 мм –10,50%, 0,005–0,001 мм – 13,24%, 0,001 мм –17,39%. Кумайлуу чоподон «100» маркасындагы кыш даярдоого болот. Запасы В категория-фарфор-фаянс, тамак-аш, булгаары–бут-кийим,
сы б-ча 811 миң м3, С – 2963 миң м3, В+С – 774 миң м3, С – 2091 миң м3.