КЛИНТОН
КЛИ́НТОН Билл, У и л ь я м Ж е ф ф е р с о н (19. 8. 1946-жылы туулган, Хот Спрингс, Арканзас штаты, Хоп шаары)

– мамл. ж-а саясий ишмер. АКШнын 42-президенти (1993–2000). Вашингтондо-

гу Жоржтаун университетин (1968), Оксфорд университетин (1970) бүткөн. 1974–76-жылдарда
Арканзас штатындагы университетте юридикалык факультеттин окутуучусу, 1976–78-жылдарда Арканзас штатынын башкы прокурору, 1978–80- ж-а 1982–92-жылдарда Арканзас штатынын губернатору болуп иштеген. 1992-жылы 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодо демократиялык партиядан президент болуп шайланган. 1996-жылы 6- ноябрда экинчи жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.