КЛИНОПИСЬ
КЛИ́НОПИСЬ – шарттуу белгилер (сүрөтчөлөр) же идеограммалардан (к. Идеографиялык жазуу) турган жазуунун бир түрү. Шынаа формасына окшош болуп тилкесинен жазылган. Шумер ж-а ассириялыктардын байыркы жазуулары. Клинопись Алдыңкы Азияда колдонулган. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта шумерлер нерселерди ж-а жалпы түшүнүктөрдү клинопись түрүндө жаза башташкан. Белгилердин саны миңдеп саналган. Мисалы, жылдызды билдирген белги кудайдын атын да (dungir), асманды да (an) ж-а муунду да (an) туюндура алган. Ошентип муундук жазуу башталган. Атоочтук же этиштик негиз анда идеограмма м-н (түшүнүк белги м-н) туюндурулган. Түрдүү маанини туюндурган бирдей аталыштагы негиздер (омофония) ар башка белгилер м-н жазылган. Ар бир белги бир нече мааниге ээ болгон. Жазуунун өнүгүшү м-н белгилердин саны 600гө чейин азайып, сүрөттөр жөнөкөйлөштүрүлгөн. Клинопись жазуусу алгач оңдон солго өйдөдөн ылдый жазылган. Кийин солдон оңду карай жазыла баштаган. Флективдүү семит тилинде сүйлөгөн аккаддыктар (аккаддыктар ж-а ассириялыктар) б. з. ч. 3-миң жылдыктын ортосунда клинопись жазуусун өздөштүрүшкөн. Алар белгилердин санын 300гө чейин азайтып, аккаддыктардын фонетикалык жагдайына ылайык муундук жаңы маанилерди түзүшкөн. Сөздөрдү жазууда фонетикалык (силлабикалык) жазууну колдонушкан. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 2-жарымында аккаддык түзүлүштөгү клинопись элам, хуррит, хетт – лувий, урарту тилдеринде сүйлөгөн элдерге тараган да, диний ж-а юридикалык максатта колдонулган. Клинопись жазуу эстеликтеринин формасы ар түрдүү (мисалы, призма, цилиндр, таш такта, конус түрүндө). Кеңири тараган клинопистин эң көп сакталган түрү чопо такталардагы тарыхый жазуулар, эпос, сөздүк, илимий эмгек, документ, диний-магиялык тексттер.