ЖЫРГАЛАҢ (Ак-Суу районундагы шаарча)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫРГАЛАҢ – Ысык-Көл облусундагы шаарча. Администрациялык-аймактык жактан Ак-Суу райондук кеңешине карайт. «Жыргалаң» шахтасынын ачылышы­на байланыштуу 1932-жылы негизделген. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында, Тескей Ала-Тоонун этегинде, Жыргалаң суусунун жогорку агымы­нын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2270 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Каракол шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 300 км. Калкы 1003 (2025); калкынын негизин кыргыздар (54,3%), орустар (37,4%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Негизинен шахтада эмгектенет. Өнөр жай ишкана­сы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, оорукана бар.