ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ
ЖЫЛУУ-СУУ КҮМҮШ КЕНЧЕСИ Баткен районунда, Түркстан кырка тоосунда жайгашкан. Сох суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 3000–3500 м бийикте жайгашкан. 1983-жылы издөө иштери жүргүзүлгөн. Жогорку карбон конгломераттары жана ортоңку карбон сланецтери, алевролиттери, кумдуктары кездешет. Ортосунда узундугу 9 кмге жеткен минералдашкан тектоникалык аймак түндүк-батыш тарапка созулуп жатат. Анда кварц, кальцит, пирит, галенит жана халькопириттен турган уя сымал, пласт жана мамыча түрүндөгү кенташ тулкулары бар экени аныкталган. Кенташтагы күмүштүн орточо өлчөмү 69,9 г/т. Күмүштөн башка коргошун (5,28%), жез (1,74%) жана цинк (0,9%) кездешет. Кенташтагы металлдардын болжолдуу запасы: күмүш – 1213 т, коргошун – 900 миң т, жез – 3 00 миң т, цинк – 156 миң т. Кен толук изилдөөнү талап кылат.