ЖЫЛУУ-БУЛАК
ЖЫЛУУ-БУЛАК – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Чоң-Таш айыл аймагына караштуу. Түп өрөөнүнүн түндүгүндө, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1730 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 26 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 217 км. Калкы 1874 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Негизги мектеп, медпункт, китепкана бар.