АБДУРАСУЛОВ Ырысбеке

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:47, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДУРАСУЛОВ Ырысбек (1950-жылы туулган, Тажикстан, Жерге-Тал кыштагы) – койдун селекция, генетикасы жана породасы боюнча адис, айыл чарба илимдеринин доктору (1999), профессор (2001). 1972-жылы КАЧИни бүтүрүп, ошол эле жерде аспирантурада окуган. 1972–1973-жылдары колхоздо веттехник, мал чарба ИИИде, Кыргыз ССР ИАнын биохимия жана физиология институтунда кенже илимий кызматкер (1975-1981), К. И. Скрябин атындагы КАЧИде ассистент, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1981-1991), Кыргыз агрардык академиясында (КАУда) илимий иштер боюнча проректор (1996–2001), 2001-жылдан Эл аралык тоолор институтунда директор. Абдурасулов 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 монографиянын автору.

Эмг.: Экологические основы селекции овец кыргызской тонкорунной породы. Б., 1997.