АМАНАЛИЕВ Баатырбек
АМАНАЛИЕВ Баатырбек [1929, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи, Пишпек округу (азыркы Чүй облусу), Токмок болуштугу (азыркы Чүй району), Ак-Бешим айылы – 1996, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары] – философ, философия илимдеринин доктору (1966), профессор (1968). 1950-жылы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Мугалимдер институтунда, Кыргыз Мамлекеттик университетинде доцент, Ош мамлекеттик институтунда кафедра башчысы, Кыргыз ССР Илимдер Аакадемиясынын философия жана укук институтунда директордун орун басары, Бишкек финансы-экономикалык академиясында профессор болуп иштеген. Кыргыз философиясынын тарыхы жана социологиялык философия тармагы боюнча белгилүү адис. 40тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Илимпоздук кудуретин негизинен кыргыздардын байыркы мезгилден тартып, 20-кылымдын башына чейинки коомдук-философиялык ойлорунун өнүгүшүнө арнаган. Б. Аманалиев кыргыздын атактуу Асан Кайгы, Толубай Сынчы, Санчы Сынчы, Жээренче Чечен, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч,Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок сыяктуу акын ойчулдарынын философиялык көз караштарын талдаган. Алардын социологиялык-философиялык ыймандык идеяларын терең изилдеп кыргыздын рухий дүйнөсүндөгү ордун белгилеген.
Эмг.; Из истории философской мысли Кыргызского народа. Ф., 1963; Социально-политические и философские идеи Токтогула и Тоголока Молдо. Ф., 1963; Кыргызские мыслители 19-го начало 20-го вв. Ф., 1965; Из истории религии и свободомысли в Киргизии.Ф., 1968.
Т. Эсенгелдиев.