ЖАНГАРАЧ
ЖЫЛАМЫШ – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Гавриловка айыл аймагына караштуу. Жыламыш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 11 км түштүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 5 км. Калкы 1491 (2025); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.