КЛИМАТТЫК ОПТИМУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТТЫК О́ПТИМУМ – төртүнчүлүк мезгил­дин муз каптоолор аралыгындагы ж-а алардан кийинки убактагы климаттын жылуулугу. Акыркы климаттык оптимум палеонтологиялык ж-а геологиялык маалымат­тар боюнча голоценде (мындан 6,2–5,3 миң жыл мурун) байкалган. Климаттык оптимумда бүткүл планетада жы­луу ж-а нымдуу климат өкүм сүргөн, мелүүн ал­кактын токой зонасы болжол м-н 5° түндүккө жылган, каралжын ийне жалбырактуу токой­лор Баренц деңизинин жээгинде өсүп, Азияда тайга Челюскин тумшугуна чейин жеткен, Са­хараны саванна ээлеп, Чад көлүнүн деңгээли 40 мге көтөрүлгөн. Муз эрип, тез чегинген. Дүй­нөлүк океандын деңгээли көтөрүлгөн.