КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:26, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР – Жердин же айрым региондун климатын аныктоочу жаратылыш процесстери. Жалпы Жер үчүн климатты пайда кылуучу процесстер: жылуулук айлануу (жер бети м-н атмосферанын ортосундагы жылуулук ж-а ным алмашуу процесстерин камтыйт); атмосферанын жалпы циркуляциясы (айрым региондор үчүн жергиликтүү циркуляция, мисалы, бриз, тоо-өрөөн ша­малдары ж. б. маанилүү). Үч негизги климатты пайда кылуучу процесстер бири-бири м-н тыгыз байланышта болуп, кли­маттын ар бир элементинин режими алардын биргелешкен таасиринен калыптанат. Климатты пайда кылуучу процесстер конкреттүү географиялык шартта жүрүп, анын натый­жасына таасирин тийгизет. Анын эң маанилүүсү географиялык кеңдик (ага түшкөн күн нурунун өлчөмү, түшүү узактыгы, суткалык ж-а сезон­дук өзгөрүүсү, абанын температурасы, атмосфералык басым ж. б. байланыштуу) ж-а аба агымынын өзгөчө­лүктөрүн аныктаган Жердин айлануу күчүнүн кыйшаюусу (Кориолис күчү). Деңиз деңгээлинин бийиктиги атмосферадагы ж-а тоодогу климаттык шарттарга таасир этип, бийиктик климаттык алкактарды (к. Бийиктик алкактуулук, Кли­маттык райондоштуруу) пайда кылат. Би­йиктиги жүздөгөн ж-а миңдеген мге жеткен аз аралык климатка кеңдик боюнча миңдеген кмге тете таасирин тийгизет. Анткени тоолор ж-а тоо тизмектери аба агымын, температураны, булуттуу­лукту, жаан-чачынды экинчи капталына өт­көрбөй кармап калат. Кургактык м-н деңиздер­дин болушу материктер м-н океандардын кли­матынын айырмачылыгын жаратат. Ал айыр­мачылык топурак м-н суунун үстүнкү катмар­лары жылуулукту түрдүүчө сиңирип алышына ж-а таралышына байланыштуу. Деңиздик кли­маттык шарт аба агымдары м-н материктерге терең кирип, ал эми континенттик климат океандардын чектеш бөлүктөрүнө таасирин тий­гизет. Климатты пайда кылуучу процесстерде жылуу ж-а муздак океан агымдарынын таасири зор. Жогорку кеңдиктер­де жылуу агым атмосфераны жылытып, төмөнкү кең­диктерде муздак агым атмосфераны муздатат. Жы­луу агымдардын үстүндө аба массалары жылып, жаан-чачынды алып келүүчү конвекциялык булут пайда болот. Жылуу аба адвекциясы көбүнчө океандын батыш жээктеринде байка­лат. Муздак агымдар континенттен соккон жылуу абанын адвекциясында атмосфералык конвекция­сына, булуттун пайда болуусуна тоскоолдук кылат; анын үстүндө аба массасы трансформа­цияланып, материктерге суук алып келет. Тоң­гон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, ту­ман пайда болот. Топурактын чагылдыруу жөндөмдүүлүгү (альбедо) м-н нымдуулугу негиз­ги мааниге ээ. Радиацияны сиңирүүдө ж-а ча­гылдырууда ным ж-а шамал өсүмдүктөргө таа­сирин тийгизет. Климатты пайда кылууда кур­гактыкта ж-а деңизде сезондук ж-а туруктуу кар же муз катмарынын, тоолордо фирн талаала­рынын ж-а мөңгүлөрдүн мааниси зор. Антарк­тиданын ж-а Гренландиянын үстүндөгү турук­туу муз калкандары, уюлдук аймактардагы кал­кыма муздар температуранын режимине, шамалга, булуттуулукка, нымдуулукка таасирин тийги­зет. Түндүк ж-а түштүк жарым шарларда Антарк­тика антициклону м-н Гренландия антицик­лону ири масштабдуу атмосфера циркуляциясынын өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Гренландия м-н Антарктиданын муздуктарына жааган кар алар­дын чет-жакаларынан кертилип түшкөн айсберг­дердин ордун толуктап турат. Кар ж-а муз кат­мары жогорку альбедого (нурду чагылдыруу жөндөмдүүлүгүнө; 60–70%) ээ. Кар ж-а муз кат­мары жылуулук алмашууда абанын температурасын, жер бетинин жаркыроосун ж-а буулануусун төмөндөтөт.
Климатты пайда кылуучу негизги фактор – атмосфера абасынын курамы. Ал жаратылыш про­цесстеринен (жанартоонун атылышынан, ири токой массивдеринин өрттөлүшүнөн, чаңдуу ж-а кумдуу бороондон), адамдын техногендик иш-аракеттеринен (өнөр жай ишканалары ж-а ав­томобилден чыккан таштандыны өрттөөдөн) дайыма өзгөрүп турат. Натыйжада атмосферада көмүр кычкылынын ж. б. газдардын өлчөмү көбөйүп, парник эффектисине алып келет, аэрозолдор­дун химиялык курамы ж-а өлчөмү өзгөрөт. Глобалдык климатты пайда кылуучу процесстер (мисалы, континенттер­дин дрейфи, Жер орбитасынын параметрлери­нин өзгөрүшү ж. б.) млндогон жылдар ичинде, ал эми региондук процесстер (ландшафттын жа­салма же табигый алмашуусу, ири көлмөлөрдүн пайда болушу же жоголушу ж. б.) жүздөгөн жылдар ичинде климатты өзгөртөт.


Ад.: Тепловой баланс Земли / Под ред. М. И. Бу­дыко. Л., 1978; Кароль И. Л. Введение в динамику климата Земли. Л., 1988; Кислов А. В. Климат в прошлом, настоящем и будущем. М., 2001.