КЛИМАТОЛОГИЯ
КЛИМАТОЛО́ГИЯ (климат ж-а –логия) – Жер шарынын климаты, анын типтери, пайда болуу факторлору, таралуу ж-а мезгилге карай өзгөрүү закон ченемдери жөнүндөгү илим. География илиминин системасына кирип, метеорологиянын маалыматтарына таянат. Жалпы же физикалык климатологияга ж-а климатографияга бөлүнөт. Атмосферанын бийик катмарларын аэроклиматология, жер бетиндеги аба катмарын микроклиматология, геологиялык ж-а өткөн тарыхый мезгилдердикин палеоклиматология изилдейт. Колдонмо климатологияга биоклиматология, агроклиматология, курорт климатологиясы, медициналык климатология ж. б. кирет.
Ад.: Сорокина В. Н., Гущина Д. Ю. Климатология. География климатов. М., 2006.