КЛИМАТ СЕЗОНДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:05, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИ́МАТ СЕЗОНДОРУ – белгилери (жылуулук режими ж-а нымдуулук шарттары) м-н өзгө­чөлөнгөн, бир нече айга созулган жыл мезгил­дери. Экватор алкагында абанын температурасынын жылдык амплитудасынын аздыгына ж-а турук­туу нымдуулугуна байланыштуу климаттык се­зондуулук дээрлик байкалбайт. Мелүүн алкак­та к ы ш, ж а з, ж а й ж-а к ү з, субэкватор­дук, тропиктик, бир аз субтропиктик алкактар­да климат сезондору негизинен жаан-чачын режими боюнча к у р­ г а к (жаан-чачын өлчөмү аз) ж-а н ы м д у у­ с е з о н г о (жаан-чачын өлчөмү бир кыйла арбын) бөлүнөт. Сезондордун алмашышы не­гизинен атмосферанын жалпы циркуляция (циклон м-н антициклондордун сезондук аралашуусу) өзгөчөлүктөрү м-н шартталган. Уюлдук аймак­тарда кыш узакка созулуп, кыска болот, өтмө климаттык сезондору жок.