«ДЕН СООЛУК» ЖУРНАЛЫ
«ДЕН СООЛУК» ЖУРНАЛЫ – Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министрлигинин илимий-популярдуу көркөм журналы. 1960-жылдан айына бир жолу чыгып турган. Анда медицина илиминин жаӊы ачылыштары, ийгиликтери, жетишкендиктери, коомдук жана жеке гигиена, ар кандай дарттардын алдын алуу, санитариялык талаптарды аткаруу, эмгекти, эс алууну туура уюштуруу, эне менен баланын саламаттыгын коргоо сыяктуу маанилүү маселелер боюнча макалалар, очерктер, сүрөттөр, адистин кеӊештери басылып турган. Учурда журналга КР Саламаттык сактоо министрлиги жана «Ден соолук» акционердик коому ээлик кылып, ал ай сайын кыргыз жана орус тилдеринде чыгат.