«ДАСТАН» ТРАНСУЛУТТУК КОРПОРАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата BermetB (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ДАСТАН» ТРАНСУЛУТТУК КОРПОРАЦИЯСЫ – ачык акционердик коом (1993). Бишкектеги Кыргыз CCРинин 50 жылдыгы атындагы «Физприборлор» заводунун (1956) базасында уюшул­ган. Коом – КМШда деӊиз аскеринин курал-жа­рактарын‚ суу алдындагы-техникалык атайын багыт­тагы каражаттарды куруучу негизги ишкана­лардын бири. Коргонуу комплексинин жогорку технологиясы медициналык техниканы өндүрүү үчүн пай­даланылат‚ ал техникалар менен КМШ өлкөлөрү­нүн көпчүлүгүнүн медицина мекемелери жабдылган. Жаӊы экономикалык шарттарда иштөө мезгилинде өндү­рүштүк-техникалык багыттагы буюмдарды, эл керек­төөчү товарларды чыгаруу өздөштүрүлдү. Моск­ва‚ Красноярск‚ Новосибирск‚ Екатеринбург (Рос­сия)‚ Полтава (Украина) шаарларында корпора­циянын сервистик кызмат көрсөтүү борборлору менен өкүлчүлүктөрү түзүлгөн. Коом 1994-ж. «Ал­тын глобус» Эл аралык сыйлыгына татыган.