ЖЫГАЧ-КОРГОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ-КОРГОН , С ы м к а т, Ф р у н­з е – Жалал-Абад облусу­нун Сузак районундагы кыштак. Багыш айыл аймагына караштуу. Көгарт суусунун оң жээгин­де, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сузак кыштагынан 42 км түндүктө. Багыш темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1915–20-жылдарда негизделген. Калкы 3205 (2025); негизи­нен жүзүмчүлүктө, дыйкан чарбасында жана баг­банчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП бар.