КЛЕРИКАЛИЗМ
КЛЕРИКАЛИ́ЗМ – коом турмушунун негизи катары диний дөөлөттөрдү орнотууга, мамлекеттин коомдук-саясий ж-а маданий турмушунда диний институттардын аныктоочу ролун камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган коомдук теологиялык ж-а алар м-н байланышкан саясий практикалык иштердин комплекси. Клерикализм тенденциясы көпчүлүк диндерге мүнөздүү болсо да, «клерикализм» термини христианчылыкта (католицизмде) активдүү колдонулат. Клерикализм 19-кылымда парламентаризмдин элементи катары калыптанган. Алгачкы клерикалдык партия Бельгияда түзүлүп, анын узакка созулган ишмердиги Бельгиянын католиктик мамлекет статусун сактап келди. Ушул багытта клерикалдык партия Австрия-Венгрия м-н Баварияда мамлекеттик саясаттын элементи катары чыгышкан. Азыркы Россияда «клерикализм » термини православие чиркөөсүнүн миссиясын кеңейтүү демилгесин (мамлекеттик ЖОЖдордо теологиялык билим берүү, мектептерде дин маданиятын окутууну киргизүү) негативдүү сындоо үчүн пайдаланылат.