КЛЕОПАТРА
КЛЕОПА́ТРА VII (б. з. ч. 69, Александрия – б. з. ч. 30, ошол эле жер) – Птолемейлер династиясынын акыркы падышасы, Птолемей XIIнин (Авлеттин) кызы, Птолемей XIIIнүн карындашы ж-а аялы, 51-жылдан мамлекетти аны м-н кошо бийлеген. Күйөөсүнөн бийлик талашып, 48-жылы Сирияга куулган. 47-жылы Александрия согушунан кийин Ю. Цезардын жардамы м-н Египетке кайра келген. Цезардан уулдуу болгон (Цезарион). Клеопатра 41-жылдан М. Антонийдин союздашы болуп, 37-жылы ага турмушка чыккан. Октавиан (Август) м-н болгон согушта жеңилгенден кийин Антоний ж-а Клеопатра өздөрүн өздөрү өлтүрүшкөн. Клеопатранын образы адабиятта (У. Шекспир, Б. Шоу ж-а искусстводо Д. Рубенс, ж. б.) кеңири чагылдырылган.
