КЛЕЙН БЕТИ
КЛЕЙН БЕТИ , К л е й н б ө т ө л к ө с ү – бир жактуу туюк бет.

Клейн бети үч өлчөмдүү мейкиндикте эки жагы ачык түтүктү (а чийме) ийип, анын ичке учун түтүктүн каптал жагынан тешип өткөзүп ж-а жоон учун түтүктүн ичин көздөй, ичке учун сыртты көздөй кайрып, эки четки учтарын бири бирине чаптаганда өзүн өзү кесүүчү клейн бети алынат (б чийме). Өзүн өзү кеспөөчү клейн бети 4 өлчөмдүү мейкиндикте гана болушу мүмкүн. Клейн бетинин касиеттери топологияда текшерилет. Бул бетти немис математиги Ф. Клейн (1874) изилдеген.