АЛЕКСАНДРОВКА
АЛЕКСАНДРОВКА ‒ Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Александровка айыл аймагынын борбору. Кыштак 1882-жылы негизделип, Кытайдан (Кулжа аймагы) Жети-Сууга келген дунгандарга Пишпек уездинен конуш берилишине байланыштуу орус падышасы (1855‒1881) Александр IIнин урматына аталган. Бишкек ‒ Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 730 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Беловодск кыштагынан 8 км чыгыш тарапта. 1882-жылы отурукташкан. Калкы 12 805 (2009); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, оорукана, бейтапкана, дарыкана, маданият үйү, кинотеатр, 3 китепкана, дүкөн, ашкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Кыргыз эл акыны Я. Ж. Шиваза туулган.