АЙША

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:12, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙША Абу Бакр кызы [(ар. бинт Абу Бакр), 614, Меке (азыркы Сауд Арабиясы) – 13. 07. 678, Медина (Омейяд халифаты)] – Мухаммед пайгамбардын кичи аялы. Биринчи халиф (632–634) Абу Бакрдын кызы. Ал алгачкылардан му­сулманчылыкты кабыл алган, пайгамбардын окуучусу болуп, кийин аны жайылтканы үчүн ислам тарыхында жети окумуштуунун бири катары таанылган. Айша жамаатта көрү­нүктүү орунду ээлеп, халифтик бийлик үчүн бол­гон саясий күрөшкө активдүү катышкан жана үчүнчү халиф (644–656) Осмондун тушунда Айша ага каршы туруп, андан кийинки халиф (656–661) Алинин (Азирет Али) учурунда кайра аны «Осмонду өлтүргөндөрдү жашырып жүрөсүң» деп күнөөлөгөн. Ушул себеп менен Айша Алиге каршы 656‑жылы болгон «Төө салгылашуусу» деп аталган урушка катышып, өз тарабын жетектеген. Бирок салгышаууда Айша тарабындагылар жеңилип, мындан кийин Айшага карата шииттер (кара: шиизм) мусулмандары тарабынан терс көз караш жаралган. Мухаммед өлгөндөн кийин «му­сулмандардын энеси» (ар. мухаддис) деген атакка ээ болгон.

Ад.: Али-заде А. А. Исламский энциклопедический словарь. М., 2007.
Б. Солтонбеков.