КЛАПЕЙРОН–КЛАУЗИУС ТЕҢДЕМЕСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАПЕЙРОН–КЛАУЗИУС ТЕҢДЕМЕСИ – зат­тын бир фазадан экинчи фазага өтүү (буулануу, эрүү, сублимация – айдап чыгаруу, полиморф­тук айлануу ж. б.) кубулуштарына тиешелүү термодинамикалык теңдеме. Бул теңдемени биринчи жолу Б. Клапейрон түзгөн, немис физиги Р. Клаузиус кайрадан иштеп чыккан. Клайперон–Клаузиус тендемесине ылайык тең салмактуу өтүүчү процессте фазалык өтүүнүн жылуулугу төмөнкү туюнтма м-н аныкталат: L=T (dp/dT)Ч (V2–V1), мында T – фазалык өтүү температурасы, (V2–V1) – фазалык өтүү кезин­деги көлөмдүн өзгөрүшү, dp/dT – фазалык тең салмактуулук сызыгында температура боюнча басым­дан алынган туундунун мааниси. Бул теңдеме­ни 1834-жылы Б. Клапейрон суюктук м-н жылуу­лук тең салмакта турган конденсацияланган буу­га Карно циклин анализдеп, колдонуу жолу м-н алган. 1850-жылы Р. Клаузиус бул теңдемени термодинамиканын экинчи законунун негизин­де кайрадан иштеп чыккан. Фазалык өтүү ж. б. үчүн жалпылаган. Клапейрон–Клаузиус тендемеси жылуулук чыгаруу же жутуу м-н коштолгон бардык фазалык өтүүлөргө колдонулат. Клапейрон–Клаузиус тендемесинин жардамы м-н буулануу жылуулугу эсептелет, анткени ал тажрыйбада өтө кыйынчылык м-н өлчөнөт.