КЛАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:45, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАН (кельтче clann – укум-тукум, урпак) – 1) кельт элдеринде уруктун, кээде уруунун ата­лышы; уруулук мамилелер ыдырай баштаган мезгилде – уруктун түпкү атасынын ысмын тут­кан кандаш бир туугандардын тобу. Клан жерге болгон жалпы менчикти, уруулук түзүлүштүн башка салттарын (кан куумай, кепилдик) кар­манган. Шотландия м-н Уэльстин айрым аймак­тарында клан 19-кылымга чейин сакталган; 2) чет эл­дик социалдык антропологияда «клан» термини­нин алгачкы мааниси патрилиниялык урукка карама-каршы келген матрилиниялык эгзо­гамдык институттарды билдирет. Орус илиминде клан түшүнүгү: а) уруу термини м-н бирдей; б) уруу­лук жамаат же жамаат (Н. А. Бутиновдуку боюнча); в) патронимия терминине синоним, ошондой эле бир атадан тараган үй-бүлөлүк топ (М. В. Крю­ковдуку боюнча) катары да колдонулат. Клан жөнүндө: туугандардын биримдиктүү тобу (мисалы, «Кеннеди кланы»), атүгүл максатташ адамдардын уюмдаш­кан тобу (мисалы, АКШда расисттик уюм Ку-клукс­кландык аталышынын келип чыгышы жөнүндө бир божомол) ж. б. түшүнүктөр кеңири таралган.

Ад.: Крюков М. В. О соотношении родовой и патронимической (клановой) организации // Советская этнография. 1967. № 6; Мердок Дж. П. Социальная структура. М., 2003.