КИШЕН
КИШЕН – 1) качып же ууру алып кетпес үчүн жылкынын алдыңкы эки бутуна салып, бекитип коюучу темир тушоо. Кишен бир жак башы жарым айлана жумуру темирден, ага биригип, бекитиле турган экинчи бөлүгү бөрү тил же бурама түрүндөгү кулпу сымал бекиткичтен турат. Кишен ачкыч м-н ачылып, жабылат; 2) күнөөлүү адамдын колу-бутуна салынуучу темирден жасалган богоо.