КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИШЕМИШ МӨҢГҮСҮ Түркстан кырка тоосу­нун түндүк капталында, Кишемиш суусунун ала­бында жайгашкан. Узундугу 9,6 км, аянты 5,8 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5020 м, этеги 3120 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4070 м. Абляция­сынын аянты 3,0 км2. Түркстан тибиндеги өрөөн мөңгүлөрүнө кирет. Кийинки мезгилде мөңгү че­гинип жаткандыгы байкалууда. Андан Исфа­ранын оң курамы – Кишемиш суусу башталат.